Мамлекеттик Дума депутат Жириновскийди кош бойлуу журналисттен кечирим суроого милдеттендирди

Мамлекеттик Думанын Этика боюнча комитети депутат Владимир Жириновскийден өзү шылдыңдаган журналисттен көпчүлүк алдында кечирим суроону талап кылды. Мындай чечим өткөн аптанын аягындагы окуя талкууланган комитеттин 23-апрелдеги жыйынында кабыл алынганын орусиялык ММКлар жарыялашты. 

Эске салсак, 18-апрелде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Жириновский кош бойлуу корреспондентке кыйкырып, кемсинткен. Окуядан кийин журналист айым ооруканага түшкөн. Көп өтпөй Жириновский күнөөсүн моюнга алып, журналисттен теледеги түз эфир учурунда кечирим сураган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан