Жоомарт Оторбаев Мамлекеттик бажы кызматынын ишин сынга алды

23-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы менен жакында иштелип чыккан бажы системин өнүктүрүү жана Кыргызстанда 2014-2017-жылдары тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө жардам көрсөтүү стратегиясын талкуулоо боюнча кеңешме өттү. Ага министрликтер менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Жоомарт Оторбаев 2010-жылдан 2014-жылга чейин импорттун көлөмү 2,25 эсеге, бажы төлөмдөрү 2,65 эсеге көбөйгөнүн, бирок Бажы кызматынын бажы төлөмдөрүн башкаруу ишинин жакшырышы байкалбай жатканын айтты.

“Бажы төлөмдөрүн башкаруу ишинин жакшырып кетиши жөнүндө айта албайбыз. Эгерде импорттун көлөмү 2 эсе, ал эми бажы төлөмдөрү 4 эсе жогоруласа, Мамлекеттик бажы кызматынын ишин ийгиликтүү деп баалайт элек. Анткен менен иштин жакшырышы импорттун көлөмүн жогорулатууда өлкөдө инвестициялык жагымдуу шарт түзө билген өкмөттүн ишинен көрүнөт”,- деди өкмөт башчы.

Стратегиянын сунушталышынан кийин премьер-министр маалыматтын жана анализдин сапатынын начардыгын белгиледи.

“Реформалоо этаптары жөнүндө маалымат кана? Бажы кызматынын ишинин анализи жок. Учурда импорт боюнча бажы документтерин алууда, Бүткүл дүйнөлүк банк билдиргендей, 75 күн талап кылынат. Эмне үчүн импортчулар мындай бюрократия менен келиши керек? Экспортко 63 күн сарпталат. Мамлекет Бүткүл дүйнөлүк банктын рейтинги боюнча тышкы соодада 182-орунда турат. Ушул багытта иш алып баруу зарыл”,- деп билдирди Оторбаев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан