Ош-Бишкек жолунда кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иштери жүргүзүлдү

Жол жүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн 30-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу менен Чүй облусунун Кой-Таш шаарчасынан келген артиллериялык эсеп Ош-Бишкек унаа жолунун 222-чакырымында саат 15:45тен 16:10го чейин 12 атуу жүргүзүп, 13 миң 900м³ кар көчкү түшүрүлдү. Саат 17:00дөн 17:20га чейин аталган унаа жолдун 223-чакырымында 6 артиллериялык атуу жүргүзүлүп, 10 миң 800м³ кар көчкү түштү. Атып түшүрүлгөн көчкүлөр унаа жолго чейин жеткен жок. Ал эми Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан келген артиллериялык эсеп жана ӨКМнын ыкчам тобу бул унаа жолдун  246-чакырымында саат 11:00дөн 13:40ка чейин 16 аттыруу жүргүзүп, бирок кар көчкү түшкөн эмес. Саат 15:45тен 15:55ке чейин жолдун  246-чакырымында 1 артиллериялык атуу жүргүзүлүп, кар көчкү түшкөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан