“Сиздердин ар тараптуу колдооңуздардын аркасында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө багытталган бир катар биргелешкен долбоорлор ишке ашууда”,- дейт вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев. Ал мындай пикирин 23-апрелде ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы, элчи Сергей Капиносту кабыл алууда билдирди.
“Биз терең жана кеңири масштабдагы реформаларды ишке ашырууну улантышыбыз керек. Алар коррупция менен күрөшүүгө, эркин экономикалык атаандаштыкка алып келген, өкмөттүн ишмердүүлүгүн айкын көрсөткөн, жарандык коомду бекемдөөгө багытталган, ЕККУ менен мамиленин өзөгүн түзгөн реформалар”,- деди Абдырахман Маматалиев.
Тараптар кырдаалдык бөлмөлөрдү түзүү менен кризистик башкаруу системин жакшырткан долбоор тууралуу сөз кылышты.
ЕККУ борборунун башчысы жакында дагы бир топ долбоорлорду ишке ашырууну мерчемдеп жатышканын айтты. ЕККУ коррупция менен күрөшүүдө кызматташууга даяр.
“Кыргыз өкмөтү менен ЕККУ кызматташууну дагы тереңдетүүгө даяр. Биз мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процессин аяктоого жардам берүүгө даярбыз. Мындан тышкары бизде өлкөнүн өнүгүүсүнө ылдамдык берген инфраструктуралык долбоорлор да бар”,- деп сөзүн жыйынтыктады Сергей Капинос.