Түп районунда мергенчиликке чыккан 22 жашар жигит кар көчкүнүн алдында калып каза болду

Ысык-Көл облусунда кар көчкүнүн алдында калып бир адам каза болду. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 30-декабрь күнү Түп районунун Корумду айылынын 3 тургунун аттары менен Талды-Суу айылдык аймагына мергенчиликке чыгышкан. Күтүүсүз көчкү жүрүп, 22 жаштагы Э.Бакиров кардын алдында калып кеткен. Белгилүү болгондой, кырсык угулган соң жергиликтүү тургундардан 35 киши келип, ошол күнү кечинде аталган жарандын денесин табууга үлгүрүшкөн.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан