Бишкекте катталган жол кырсыгынан 35 жаштагы айым көз жумду

А.Токомбаев көчөсүндө болуп өткөн жол кырсыгынан 35 жаштагы айым көз жумду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.  

Маалыматтарга караганда, кечээ, 23-апрель күнү саат 22:30 чамасында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу "Жаннат" комплексинин тушунан Асанбай кичи районунун жашоочусун, 35 жаштагы айымды сүзүп кеткен. Ооруканага бараткан жолдо аталган айым көз жумган. Унааны башкарып бараткан айдоочу мас абалында болбогону такталып, автоунаа айып жайына токтотулду. Иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан