Нарын облусунда болгон катуу шамал 114 даана шиферди учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 22-апрель күнү саат 15:05те Ат-Башы районунун аймагында ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен катуу шамал катталган. Анда район боюнча турак үйлөрдүн 45 даана шиферин шамал учуруп кеткен. Жалпы материалдык чыгым болжол менен 14 400 сомду түздү. Ошол эле күнү Нарын районунда катуу шамал катталган. Анын кесепетинен турак үйлөрдүн 69 даана шифери талкаланган. Жалпы материалдык чыгым 22 080 сомду түздү.