Кечээ, 23-апрелде КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан мурунку транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулаймановго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык айыбы сыртынан угузулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.
Маалыматтарга караганда, Октябрь райондук соту тарабынан Нурлан Сулаймановду камакка алуу боюнча чечим чыгарылып, ал издөөгө алынды.
Эске салсак, Нурлан Сулайманов КРнын Транспорт жана байланыш министри болуп турган убагында мамлекетке 41 миллион 220 миң сом зыян келтирген деп айыпталууда.