Бишкекте Аяз ата жана Аяз кыздардын жүрүшү болуп өттү

31-декабрда Бишкекте массалык түрдө Аяз ата жана Аяз кыздардын жүрүшү болду. Иш-чара баш калаадагы "Ала-Тоо" кинотеатрынан башталып, мэриянын имаратынын алдынан аяктады. Жүрүштү оркестр жана барабанчылар коштоп барышты. Мэриянын имаратынын алдында Бишкек мэри Иса Өмүркулов иш-чаранын катышуучуларын Жаңы жылы менен куттуктап, бакыт, ден соолук каалады жана башкы Аяз ата менен Аяз кызга белектерди тапшырды. Андан соң катышуучулар кайрадан борбордук "Ала-Тоо" аянтын көздөй бет алышып, шаар тургундары жана коноктор үчүн жаңы жылдык концертти коштошту.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан