Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдары 2012-2013-жылдар аралыгында эмгек акыга жана социалдык төлөмдөргө каралган 798 миң сомду мыйзамсыз пайдаланышкан. Ошондой эле эч кандай негизи жок эле 66 кызматкерге 1,5 миллион сомдук материалдык жардам көрсөтүлгөн. Буга утурлай аталган башкармалыктын башкы эсепчиси Ч.К. аттуу жаран кассадан 50 миң сом алып, бирок аны кайра кайтарган эмес.

Бүгүнкү күнү “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”, “эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө арналган акчалай каражаттарды пайдалануу”, “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу”, “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан