Мамлекеттик салык кызматынын жана УКМКнын коррупцияга каршы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында мамлекетке чоң көлөмдөгү салык төкпөй жүргөн ишкана аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Ош облусундагы “Рахат компани” ЖЧКсынын ишмердигин текшерүүдө аталган ЖЧК мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүнө 2 миллион 230 миң сом зыян келтиргендиги аныкталган. Учурда иликтөө иштери уланууда.