Бишкекте “чоң суммадагы акча каражатын уурдаган” деп шектелип Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Анда акча алмаштыруучу жайдан белгисиз бирөө 1,3 миллион сом уурдап кеткенин айткан. Ошондой эле ал 2011-жылдын январь айында да 400 миң сом уурдалганын белгилеген.
Учурда кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 30 жаштагы К.Максат аттуу тургуну кармалды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.