Кочкор райондук прокуратурасы жана райондук УКМК бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында жарандарга мыйзамсыз паспортторду берген адамдар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.
Белгилүү болгондой, Кочкор райондук паспорт-виза жана каттоо иштери бөлүмүнүн башчысы М.С., жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн (ЗАГС) жетекчиси Д.З. жана аймактык милиция кызматкери Ж.У. менен биргеликте расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен 2012-жылы мыйзамсыз паспортторду ошол кезде Орусияда иштеп жүргөн жарандарга даярдап беришкен. Аталган кылмыш иши боюнча Нарын облустук прокуратурасы тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.