Бишкектин Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан Арча-Бешик конушунда убактылуу жашап жаткан адамдан ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.
Белгилүү болгондой, укук коргоо органдарына Рысбек аттуу жаран ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын 31 жаштагы С.Рысбек аттуу тургуну кармалып, анын жанынан төмөнкү куралдар алынды:
- күмүш түстөгү белгисиз үлгүдөгү тапанча (револьвер) 8 огу менен;
- 16 калибрдеги кесилген мылтык (обрез);
- кара түстөгү оптикалык мээлегич;
- 50 сантиметр болгон бычак кыны менен.
Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери уланууда.