"Жоголду" деп изделип жаткан 3 кыз Түп районунан табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, учурда кыздарды Бишкекке алып келе жатышат. Алар аталган райондогу айылдардын биринде жергиликтүү тургундун үйүнөн 11:15те табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эске сала кетсек, 17-апрелден бери Ырыскелди конушунун тургундары: 1995-жылы туулган Кутманбек кызы Айжан жана 1996-жылы туулган Кожомбердиева Айжамал аттуу аталаш эже-сиңдилер изделип жаткан. Ошондой эле алар менен бирге Чолпонай Кудайбергенова да болгон.