"Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында 50 миң гектар дың жер өздөштүрүлө турганы белгиленген. Бирок жаңы айдоо жерлерин пайда кылуу боюнча иштер жакшы жүрбөй жатат. Өкмөт Чүй облусунун тегерегин эле көрсөтүп жатат”. Муну бүгүн, 24-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев айтты.
Депутат Ак-Талаа сыяктуу алыскы аймактарды мисал келтирип, дың жерлер боюнча көйгөй чечилбеген бойдон калып жатканын кошумчалады.