Кара-Суу районунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусунун Кара-Суу районунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Маалыматка ылайык, 31-декабрь күнү саат 01:30дар чамасында Бишкек-Ош жолунун 635-чакырымында, тактап айтканда, Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында жүк ташуучу Вольво унаасы менен Мерседес үлгүсүндөгү кичи автобус сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча күнөө Вольво унаасынын айдоочусунан кеткендиги айтылууда жана ал окуядан кийин из жашырган. Кырсыктан кичи автобуста бара жаткан 4 адам каза болуп, 13 жүргүнчү Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилген. Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Каза болгондор: Абдималик Мусаев (1956-жылы туулган) жана анын аялы Хадичахан Тилекбаева (1956-жылы туулган, Өзгөндүн Куршаб айылынын тургундары), Эдил Култаев (1987-жылы туулган) жана анын аялы Турсунай Кенжекозуева (1988-жылы туулган, Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө айылынын тургундары).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Karysh
2013-01-02 15:11:05
Каза болгондордун үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен сабыр кылүүсүн айтабыз кырсык каш кабак ортосунда
(
+1
torrero-81
2013-01-02 22:44:11
терен кайгыруу менен конул айтам..жакындаэле Москвадан барып уйлоду эле бечара бала...
+1
ernis_07
2013-01-07 01:52:56
Бейишин берсин АЛЛАХым кабыр жашоосун женил кылсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан