Кыргызстанда бийик тоолуу шарттагы 537 айыл бар экени айтылды

Жогорку Кеңештин 24-апрелдеги жыйынында депутат Мирлан Бакиров бийик тоолуу жана алыскы, шарты оор айылдар боюнча маселе көтөрдү. 

Анын билдиришинче, Кыргызстанда бийик тоолуу айылдардын саны 537, ал эми барууга шарты оор делген 197 айыл бар. Бирок барууга шарты оор айылдар “1 күндө барып-келүүгө мүмкүн болбогон айылдар” деген критерий менен аныкталып калган. 

“Бул туура эмес, айылдарды шарты оордугун аныктоо үчүн башкача мамиле жасалышы керек. Мисалы, Базар-Коргон районунун Жай-Терек, Жазы-Кечүү айылдары, Сузактын Кара-Көл айылына эч ким барган эмес”,- дейт Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан