Түптө табылган кыздардын эмне себептен ушул убакка чейин жашырынып жүрүшкөндүктөрү иликтенүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.
“3 кыз Түп районундагы айылдардын биринен жогорку класстын окуучусунун үйүнөн табылды. Алар аны менен бир жыл мурун таанышышыптыр. Ал жакка барышканына бир-эки күн болгон. Окуган окуу жайларына да 20 күндөй барышкан эмес. Учурда алардын эмне себептен ушул убакка чейин жашырынып жүрүшкөндүктөрү иликтенүүдө”,- деди ИИМдин басма сөз кызматы.
Айта кетсек, бүгүн, 24-апрелде "жоголду" деп изделип жаткан кыздар Түп районунан табылганы маалымдалган.
Эске сала кетсек, 17-апрелден бери Ырыскелди конушунун тургундары: 1995-жылы туулган Кутманбек кызы Айжан жана 1996-жылы туулган Кожомбердиева Айжамал аттуу аталаш эже-сиңдилер изделип жатышкан. Ошондой эле алар менен бирге Чолпонай Кудайбергенова да болгон.