Жогорку Кеңештин 24-апрелдеги жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков өкмөткө “Кыргыз тамекиси” ишканасы боюнча кескин чараларды көрүү тапшырмасын берди. “Жылына 4-5 миң тоннанын тегерегинде тамеки өндүрөбүз” деп жатышат. Убагында Кыргызстанда 45 миң тоннадан жогору тамеки өндүрчүбүз. Тамекиден жогору киреше алса болот. Ал үчүн атаандаштыкты күчөтсөк, баа көтөрүлөт”,- деди төрага. Жыйында депутаттар тамеки тармагын бир гана фирма тейлеп жатканын сынга алышкан эле.
Эмгек мигранттары боюнча Асылбек Жээнбеков буларды айтты:
“Былтыр эмгек мигранттары 1 миллиард 900 миллион доллар акча которушуптур. Бул өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон зор салым. Мигранттарыбызга көңүл буралы, тиешелүү министрлик бул жаатта ишти күчөтүшү керек”.