Жогорку Кеңеште мамлекеттик мүлктү сатуу процессине өзгөртүү киргизилүүдө

Жогорку Кеңеште бүгүн, 24-апрелде мамлекеттик мүлктү сатуу процессин жакшыртууга багытталган мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин билдиришинче, мамлекеттик мүлктү жеке менчикке сатуу татаал иш болгондуктан, аны кайрадан тактап чыгуу зарылдыгы пайда болду. Дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен сатыла турган мүлктү фонддук биржага жайгаштыруу сунушталып жатат.

Андан сырткары мүлк сатууну электрондук каражаттар аркылуу жарыялоо усулу киргизилмекчи. Кичи мүлктөрдү сатууга 30 күн мурда, ири мүлктөрдү сатууга 90 күн мурда жарыялоо мөөнөтү сунушталды. Мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар алгач мүлк баасынын 40 пайызын алдын ала төлөйт, ал эми калган бөлүгүн 1 жыл аралыгында төлөөгө тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан