Жогорку Кеңештин демилгеси менен юридикалык аталыштардын орусча-кыргызча сөздүгү жарык көрдү

Жогорку Кеңештин демилгеси менен иштелип чыккан “Юридикалык аталыштардын жана башка түшүнүктөрдүн орусча-кыргызча сөздүгү” жарык көрдү. Аны иштеп чыгуу жана басып чыгаруу USAID`дин "КРнын Жогорку Кеңешине көмөктөшүү" программасынын колдоосу астында ишке ашырылды. Бул тууралуу 24-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Сөздүк 14 миң аталыш менен түшүнүктөрдөн турат. Келечекте сөздүктүн электрондук версиясын түзүү пландаштырылууда. Ал мыйзам чыгаруу процессин өркүндөтүү, аракеттеги мыйзамдардагы карама-каршылыктарды четтетүү жана мыйзам чыгарууда колдонулган кыргыз жана орус тилдериндеги аталыштардын бирдиктүү тизмесин түзүү максатында иштелип чыккан.

Эске салсак, юридикалык аталыштардын бирдиктүү сөздүгүн түзүү жөнүндө демилгени КР Жогорку Кеңеши 2012-жылы көтөрүп чыккан.

Ал эми сөздүктүн бет ачары эртең, 25-апрелде Улуттук китепканада болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан