Кыргызстанда өзгөчө статуска ээ, чек арага жакын айылдардагы жерлерди чет өлкөлүк жарандарга сатууга тыюу салынганы жатат. Муну Жогорку Кеңештин 24-апрелдеги жыйынында юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Айтымында, бул мыйзамды демилгелөөгө Баткен облусундагы абал түрткү болду. Депутаттар “бул мыйзамды кабыл алсак жарандардын укугу чектелет, жарандар менчигин каалаган кишисине сатууга милдеттүү” дешти. Буга министр макул эмес.
“Эч кандай укугу чектелбейт, мүлк ээси каалаган адамына сатса болот. Болгону чет элдик жарандарга гана сата алышпайт. Мамлекеттин бүтүндүгүн ойлосок, бул мыйзамды кабыл алышыбыз керек”,- деп билдирди Шыкмаматов.