Баткендин чек арага жакын айылдарынын жерлерин чет элдик жарандарга саттырбоо демилгесин депутаттар колдошууда  

Парламентте бүгүн, 24-апрелде депутаттар Баткендин чек арага жакын айылдарынын жерлерин чет элдик жарандарга саттырбоо демилгесин колдошууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов демилгелеп жатат. Ага ылайык, чек арага жакын жайгашкан айылдын тургундары жерин, үйүн чет элдик жарандарга сата алышпайт. 

“Мыйзамды колдошубуз керек, өз учурунда сунушталып жатат. Болгону айрым кемчиликтерин тактап коюшубуз керек”,- деди депутат Надира Нарматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан