Баткен суу-чарба башкармалыгынын жетекчилигине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, аталган мекеменин жетекчиси Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпастан, “Гидробетон-Строй” ишканасына атайын техникаларды ижарага берүү боюнча пайдасыз келишим түзгөн.
Учурда бул боюнча “кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.