Тургунбек Кулмурзаев: “Ошко газ берүү маселесин чече алган жокмун, өкмөттүк деңгээлде чечпесе болбой калды”  

“Өлкөнүн түштүгүнө газ берүү маселесин чече алган жокмун, өкмөттүк деңгээлде чечпесе болбой калды” деди “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев парламенттин 24-апрелдеги жыйынында.

“Мен өзүмдүн деңгээлимде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок чече алган жокмун. Өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүү зарыл болуп турат. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлсө, жакын арада берилиши мүмкүн. Өзбекстанга карызыбыз жок, ал тургай 10 күндүк алдын ала төлөө системи менен иштеп келе жатабыз. Учурда Өзбекстандан 70 миң доллар аласабыз бар”,- деди Кулмурзаев.

Төрага Асылбек Жээнбеков бул маселе парламентте 25-апрелде карала турганын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан