Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук салык кызматынын жетекчиси алмашты

Бүгүн, 24-апрелде Салык кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп Акылбек Мамыров дайындалды. Тиешелүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Замирбек Осмонов кол койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми аталган кызматтын мурдагы жетекчиси болуп иштеп келген Жоодатбек Асанбеков берген арызынын негизинде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын кеңешчиси болуп бекитилди.

Акылбек Мамыров Салык кызматында буга чейин ички аудиттин бөлүм башчысы болуп эмгектенген. Салык тармагында 1991-жылдан бери иштейт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан