Жогорку Кеңештин 24-апрелдеги жыйынында депутаттар өлкө түштүгүнүн газсыз калышын талашып-тартышышты. Оппозициялык фракциялардын депутаттары көпчүлүк коалициянын өкүлдөрүн сынга алышты. Депутат Алтынбек Сулайманов: “Кыргызгаз” 1 долларга сатылып жатканда айрым депутаттар “Бизге иштебеген “Кыргызгаз” керекпи же газ керекпи?” дешти эле. Бүгүн экөө тең жок. Өлкөнүн түштүгү 15 күндөн бери газсыз отурат”,- деди.
“Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев газдын качан берилери белгисиз экенин айтты.