Парламенттин 24-апрелдеги жыйынында депутаттар “чек ара аймагындагы айылдардын жерлерин коңшу өлкөнүн жарандарына гана сатпоо керек, башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө сата берсек болот” дешүүдө.Муну депутат Каныбек Иманалиев айтып чыкты. “Мисалы, Түркиядан келген жаран Баткенде минералдык суу чыгарам деп, ага сарай керек болушу мүмкүн. Алардын бизге коркунучу деле жок да. Жерлерди коңшу өлкөнүн жарандарына гана сатууга тыюу салыш керек, бизге ошолор гана кооптуу. Башкаларга сата берели”,- деди Иманалиев.
“Муну тактап көрүшүбүз керек экен” деди юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов.
Айта кетсек, өзгөчө макам берилген аймактардагы жерлерди чет өлкөлүктөргө сатууга тыюу сала турган мыйзам долбоору сунушталууда. Демилге 1-окууда колдоо тапты.