Ноокат районунда чагылгандын кесепетинен үзүлгөн электр линиялары калыбына келтирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, учурда жарыксыз калган 2096 түтүнгө электр энергиясы берилди.
Эске сала кетсек, 21-апрель күнү кечки саат 21:45 чамасында Ош облусунун Ноокат районуна чагылган түшкөн. Анда 14 мамынын ортосундагы 700 метр аралыктагы жогорку чыңалуудагы электр зымдары үзүлүп, жараксыз абалга келген. Натыйжада 2096 кожолуктун жашоочулары жарыксыз калышкан эле.