“Депутаттык комиссия "Ахматбек Келдибековдун иштери мыйзамдуу болгон" деп чечим чыгарды”,- деди башкы прокурор Аида Салянова ЖКнын 24-апрелдеги жыйынында. “Силер ошол чечимди “эске алынсын” деп кабыл алдыңар. Бул дагы позиция. Мындан кийин мен да пикиримди айтышым керек”,- деди башкы прокурор.
Айта кетсек, жыйында оппозициялык фракциядагы депутаттар башкы прокурорго сөз берүүгө каршы болушуп, Салянова сүйлөп баштаганда залдан чыгып кетишти. Башкы прокурор Келдибековдун мыйзам бузгандыгы боюнча маалымат берүүдө.