Бүгүн, 24-апрелде КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Американын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Абдырахман Маматалиев Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы социалдык, экономикалык, саясий жана маданий кызматташтык бекемделип жатканын айтты.
“Коргоо, коопсуздук менен камсыз кылуу жана маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө көргөзгөн колдооңуздарга ыраазычылык билдиребиз. Биздин өлкө демократиялуу мамлекет катары өнүгүп келе жатат. Бул тармакта дагы колдоо болот деген үмүттөбүз”,- деди вице-премьер.
Элчи Абдырахман Маматалиевди жаңы кызмат орду менен куттуктап өттү. “Биздин мамлекеттердин кызматташуусунун өз тарыхы бар. АКШ өнөктөш болууга даяр жана “Манас” транзиттик жүк ташуу борборун Кыргызстанга орнотууга мүмкүнчүлүк берген кыргыз элине ыраазычылык билдирем”,- деди Памела Спартлен. Тараптар Ооганстандагы кырдаалды, өлкөлөр аралык баңгизат ташуу жана адам сатуу маселелерин талкуулашты.