Өмүрбек Текебаев: “Ахматбек Келдибеков мыйзам алдында жооп бериши керек”

Ахматбек Келдибековдун төрага болуп турганда парламенттин чет өлкөдө өкүлчүлүгүн ачышы мыйзамсыз болгон. Бул тууралуу парламенттин 24-апрелдеги жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Муну ал Келдибеков боюнча сөз сүйлөөгө башкы прокурор Аида Саляновага депутаттар уруксат бербей жатышканда айтып чыкты. “Өкүлчүлүктү ачышы мыйзамсыз болгон, менин позициям ушундай. Келдибеков мыйзам бузганы үчүн жооп бериши керек. Ким болсо да кылган кылмышына жооп бериши керек. Күнөө кылса, түрмөдө отурушу шарт”,- деди Текебаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан