Депутаттар башкы прокурор Аида Салянованы абайлап сүйлөөгө чакырышты

Жогорку Кеңеште бүгүн, 24-апрелде башкы прокурор Аида Салянованын депутат Ахматбек Келдибековго тагылган айыптар боюнча сүйлөшүнө депутат Исмаил Исаков да каршы чыкты. Ал башкы прокурорду парламентти урматтоого чакырды.

“Биз эмне деген Жогорку Кеңеш болуп калдык? Башкы прокурор каалагандай сүйлөй береби? Өткөндө депутат Мыктыбек Абдылдаевди күнөөлүү кылып чыгарды. Аида айым, сот чечим чыгармайынча бирөөнү күнөөлүү деп айтканды токтотуңуз. Кээде өйдө-төмөн сүйлөп жатасыз”,- деди.

Буга башкы прокурор жооп берген жок.

Айта кетсек, бүгүн парламентте Ахматбек Келдибековдун кармалышынын мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алды. Аида Салянова депутаттык комиссия Келдибековдун иштери мыйзамдуу болгон деп чечим чыгарганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан