Бүгүн, 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев менен Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, армиянын генералы Неждет Озел жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч мырза жана аскер атташеси, полковник Неби Газнели катышты.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу аскердик кызматташууну бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашты. Ошондой эле өз ара милдеттенмелердин чегинде Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мындан аркы эки тараптуу аскердик кызматташуунун келечек перспективалары талкууланып, көзөмөлгө алынды.
Асанбек Алымкожоев бул жолугушуу эки мамлекеттин бекем боордоштук, достук байланышынын түздөн-түз мисалы болуп саналарын белгилеп өттү.
Ал түрк делегациясынын башчысын армияда болуп өткөн өзгөрүүлөр менен кыскача тааныштырды. Ошондой эле Куралдуу күчтөрүн реформалоонун чегинде азыркы учурда аскердик башкаруунун борбордук органы – Генералдык штаб түзүлгөнүн айтты. "Аскердик курулуш маселелеринде, Куралдуу күчтөрдү оперативдүү башкарууну, офицердик кадрларды даярдоону камсыз кылууда, биз түркиялык кесиптештерибиздин алдынкы тажрыйбасын колдонууну пландап жатабыз»,- деди Алымкожоев.
Өз кезегинде Неждет Озел жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирүү менен мамлекеттердин аскердик тармактагы кызматташтыгы кеңейип, өнүгөрүн белгиледи.
"Биздин элдерибиздин ортосундагы алака-катыштын тамыры тереңде, бул мамиле бүгүнкү күнгө чейин жемиштүү уланып жатат. Биз дагы боордош калкыбыздын Куралдуу күчтөрүнө чечкиндүү колдоо көрсөтүүгө даярбыз»,- деди түрк делегациясынын башчысы.
Неждет Озел Асанбек Алымкожоевди жогорку жана жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, оңой эмес ишинде ийгиликтерди каалады. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар протоколго кол коюшту.