Депутаттар башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин ички иштерине кийлигишип жатканын айтышты

Парламентте депутаттар башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңештин ички иштерине кийлигишип жатканын айтып чыгышты. Парламент Ахматбек Келдибеков боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча токтом кабыл алгандан кийин Аида Салянова сөз сүйлөдү. Бирок анын сүйлөшүнө оппозициядагы депутаттар каршы чыгышты. Депутат Надира Нарматова: “Депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча токтом кабыл алдык. Салянова маалымат бергидей, аны биз чакырган эмеспиз. Ал парламенттин ички ашканасына кийлигишпесин”,- деди.

Вице-спикер Асия Сасыкбаева: “Өзүбүздү сырттан бир карап көрөлү, абдан туура эмес иштер болуп жатат. Башкы прокурордун маалымат берүүгө толук укугу бар”,- деп, жыйынтыгында Аида Салянова Келдибековго тагылган айыптар боюнча маалымат берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан