Ала-Арча дарыясынын кооптуу жерлери кар жана муздан тазаланууда
Бишкекте Ала-Арча дарыясынын кооптуу аймактары кар менен муздан тазаланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, дарыя нугун тазалоого 7 даана техника жана "Жашылдандыруу" ишканасынын 21 жумушчусу бөлүндү. Тазалоо Ала-Арча суусунун Толстой, Токтогул, Бөкөнбаев, Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде жүрүүдө.