Бүгүн, 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев менен Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, армиянын генералы Неждет Озел жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Делегациянын расмий иш сапарынын алкагында КРнын Коргоо министрлигинин Турмуш-тиричилик жактан камсыздоо мамлекеттик комбинаты үчүн тигүү жабдуулары тапшырылды. Ага КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев катышты.
"Кыргызстан менен Түркияны өз ара түшүнүшүүгө, тең укуктуулукка жана өз ара сыйлашууга негизделген бекем достук мамиле байланыштырып турат. Кыйын кырдаалдарда бизге моралдык да, материалдык да колдоо көрсөтүү менен жаш өлкөбүздөгү оор учурларды түшүнүп, биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз болуп келген",- деди министр.
Түркиялык «NGS» компаниясы менен министрликтин алдындагы комбинаттын ортосунда жаңы заманбап жабдыктар менен жабдуу үчүн тиешелүү келишим түзүлгөн. Келишимдин жалпы суммасы 600 миң АКШ долларын түздү. Бул Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы 2011-жылдын декабрында кол коюлган аскердик каржылык кызматташуу тууралуу макулдашуунун алкагында жүрдү.
Мындан сырткары аталган компания менен аскердик кийимдерди, талаа кийим формаларын тигүү үчүн ар түрдүү кездемелерди алып келүү боюнча пландар жүзөгө ашырылып жаткан макулдашуулар бар. Жаңы жабдыктардын технологиялык талаптарына ылайык окутуп-үйрөтүүчү адистердин жиберилиши дагы каралган. Тигүү жабдыктарынын техникалык параметри боюнча суткасына 400-500 комплект аскер кийимин тигүүнү иш жүзүнө ашырса болот.