Зардалыда жарылуудан жабыркаган балдардын абалы жакшы. Бул тууралуу Баткен облустук ооруканасынын башчысы Тургунбай Айжигитов бүгүн, 24-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жакын арада ооруканадан чыгып калышат.
Эске сала кетсек, 17-апрель күнү саат 18:00 чамасында Баткен облусунун Зардалы айылында 6 жаш бала 1999-жылкы Баткен согушунан калган гранатаны таап алышкан. Аны менен ойноп жатышканда граната жарылып кеткен. Балдардын бири ошол жерден, бири жолдон каза болгон. Калганы ар кандай деңгээлде жараат алышкан.