“Башкы прокурор Аида Салянова эч кимди тоготпой парламентке кирип келип, сөз сүйлөөгө умтулууда. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды”,- деди депутат Бөдөш Мамырова ЖКнын 24-апрелдеги жыйынында. Анын билдиришинче, өлкө 2010-жылдагыдай режимге багыт алды.
“Жогорку Кеңешке унчукпай кирип келип, депутаттардын үстүнөн сүйлөп жатат. Бүгүнкү күн да өтөт. Биз 2010-жылды көздөй кеттик”,- деди депутат.
Мындан кийин башкы прокурор Аида Салянова “Урматтуу төрага, менин расмий чакырылганымды айтып коюңуз. Болбосо өзүм эле келип алгандай сөздөр айтылууда” деди эле, төрага Асылбек Жээнбеков “Маселеге байланыштуу башкы прокурор чакырылган. Кандай сындар айтылбасын, баары бир анын маалыматын угабыз” деп билдирди.
Айта кетсек, парламентте бүгүн Ахматбек Келдибеков боюнча депутаттык комиссиянын чечими кабыл алынгандан кийин оппозициядагы депутаттар башкы прокурордун сөз сүйлөшүнө каршылык көрсөтүштү.