Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот иши 10-январда башталат

Камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот иши 10-январда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Анын айтымында, депутаттарга байланыштуу иш тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Ал эми сот аталган депутаттарды 10-январга чейин камакта калтыруу тууралуу токтом кабыл алды. Эске салсак, бүгүн аталган депутаттарды камакта кармоо мөөнөтү аяктамак.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан