“15 жаштагы кызды зордуктады” деп шектелип Токмок шаарынын 18 жаштагы тургуну кармалды

“15 жаштагы кызды зордуктады” деп шектелип Токмок шаарынын 18 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 24-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, 23-апрель күнү милиция кызматкерлерине Токмок шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал 20-апрель күнү саат 20:00 чамасында 7-класста окуган 15 жашар кызын белгисиз бир жигит зордуктап салганын айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 18 жаштагы Канат аттуу тургуну кармалды. Учурда “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurando
2014-04-25 20:18:33
Кыз - жигит = ...... .. .. . .. Эми той
0
Sun_shine
2014-04-26 19:52:05
саат 8де кочодо не журот анан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан