Эльвира Сариева: "Өкмөт миграция, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында маселелерди чечүүгө даяр"

Бүгүн, 24-апрелде вице-премьер-министр Эльвира Сариева Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эльвира Сариева жолугушууда: “Өкмөт миграция, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында маселелерди чечүүгө жана эл аралык уюмдар менен тыгыз иштөөгө даяр”,- деп билдирди.

Ошондой эле жолугушууда билим берүү программаларынын аткарылышы жана ЮСАИД тарабынан ишке ашып жаткан долбоорлорго Кыргызстандын катышуусу каралды.

Жолугушуунун соңунда вице-премьер-министр Кыргызстан эл аралык келишимдердин алкагында мамлекеттин кызыкчылыгы менен объективдүү чындыктын айкалышы аркылуу эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта болорун белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан