2010-жылы улутташтырылган "Достук" пансионатын жеке менчикке сатыла турган мүлктөрдүн тизмесинен чыгаруу сунушталууда
Жогорку Кеңеште бүгүн, 24-апрелде “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” токтомго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтомдун долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү. Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, 2010-жылы улутташтырылган "Достук" пансионатын өзү башкарган министрликке берүү үчүн адегенде жеке менчикке сатыла турган мүлктөрдүн тизмесинен чыгарып, мамлекеттин карамагында калтырыла турган мүлктөрдүн тизмесине киргизүү зарыл. Алымкулов Катардын Жаштар жана спорт министрлиги менен аталган пансионатты кайрадан заманбап үлгүдө куруу макулдашылганын айтты. Эс алуу жайынын жарымы кыргыз жаштарына спорт менен машыгуу үчүн берилет, ал эми жарымын Катар тарап убактылуу пайдаланат.