Бишкекте "уй жана кой этин уурдаган" деген шек менен 45 жаштагы жаран кармалды

"Ош базарынын" аймагында "кой жана уй этин" уурдаган деген шек менен Ош облусунун 45 жаштагы Р.Совет аттуу тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде  Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилүү болгондой, аталган жаран Толкунбек аттуу Чүй облусунун тургунунун автоунаасынан 14 500 сомго бааланган уй этин жана Бишкек шаарынын Рустам аттуу тургунунун автоунаасынан 8100 сомго бааланган кой этин уурдап кеткен деп шектелүүдө. Учурда Р.Совет убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
meerimbek_kudaiberdiev
2014-04-25 01:02:59
байкуштарды кармап эле камагыла а чондор милиярдап урдагандан корушбойт ошолордун айынан болтат баары эгер анын акчасы болсо урдамак эмес ага мамлекет куноолу
0
Pearl.06
2014-04-25 11:22:18
Бул адам ашынган ууру, байкуш эмес. Байкуш болсо бир же эки киллограм уурдамак.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан