Донор аскер кызматкерине кан бергенден кийин кошумча дем алыш күнү бериле турган болду

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-апрелде "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдарына кошумча акты киргизүү" боюнча мыйзамга кол койду. 

Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 27-мартында кабыл алынган “Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө”, “Аскер кызматкерлеринин статусу жөнүндө” мыйзамдарга ылайык, аскерлер кан жана анын компоненттерин берген күндөрү аскер кызматынан бир күнгө бошотулушат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан