"Бишкек шаарынын тургунунун унаасынан акча уурдаган" деген шек менен эки жаран кармалды

Баш калаадан эки автоунаадан акча уурдап кеткен жарандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын 25 жаштагы Элдияр аттуу тургунунун үйүнүн короосунда токтоп турган унаасынан 23 миң сомун жана Көлбаев көчөсүндө токтоп турган экинчи автоунаасынан 4800 сомду белгисиз адамдар унаалардын терезелерин талкалап алып кетишкен. Түнкү милициянын жасаган аракеттеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары борбор калаанын 21 жаштагы Айкөл жана 25 жаштагы Адилет аттуу тургундары кармалышты. Иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан