Жогорку Кеңештин 24-апрелдеги жыйынында депутат Исмаил Исаков “ар ким кылган иштери үчүн жооп бере турган мезгил келди” деп билдирди. Айтымында, өлкө түштүгүнүн газсыз калышына парламенттин көпчүлүк депутаттары күнөөлүү. “Кыргызгаз” сатылып жатканда "тынымсыз арзан газ келет, коммунизм болот” дедиңер эле. Ушулбу коммунизмиңер?! Кулмурзаев (ред. Тургунбек Кулмурзаев “Кыргызгаздын” башчысы) "Өзбекстанга алдын ала 70 миң доллар төлөгөнбүз" деп жатат. Андай болсо эмне үчүн аларды сотко бербейбиз?”- деди Исаков.
Айта кетсек, Кулмурзаев өлкө түштүгүнө газ берүү үчүн өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү жүргүзүү зарыл экенин айтты.