Кыргызстанда 20 пенсионердин жана жеңилдетилген жардам алуучу 70 жарандын паспорт мөөнөтү узартылды
Кыргызстанда 20 пенсионердин паспортунун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Инфоком" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, калкты документтештирүү боюнча мобилдүү топ ошондой эле жеңилдетилген жардам алуучу 70 жарандын да өздүк документинин мөөнөтүн узартты. Мындан сырткары 900 жаран консультация алышты. Учурда Бишкектеги үй-интернаттарында жашаган карылардын паспорт иштери боюнча аталган интернаттар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирет "Инфоком".