2010-жылы улутташтырылган Ысык-Көлдөгү “Достук” пансионаты Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине өткөрүлдү. Тийиштүү токтомду парламент 24-апрелде кабыл алды. Аталган министрликтин башчысы Алиясбек Алымкулов Катардын Жаштар жана спорт министрлиги менен аталган пансионатты кайрадан заманбап үлгүдө куруу макулдашылганын айтты. Эс алуу жайынын жарымы кыргыз жаштарына спорт менен машыгуу үчүн берилет, ал эми жарымын Катар тарап убактылуу пайдаланмакчы.